Ыктыярчы Рэйчелди бульдозер тебелеген

17-Март 2018, Ишемби, 14:43

АКШлык тынчтык ыктыярчысы Рэйчел Корри 15 жыл мурда адамзат үчүн жанын берген. Ал Газада палестиналыктарга тиешелүү үйлөрдү сүздүрбөө үчүн бульдозердин алдына тура калган. Акыры унаанын дөңгөлөктөрүнө тебеленип, 2013-жылы 16-мартта көз жумган. Анын өлүмү дүйнө элине катуу таасир эткен.

Рэйчел Корри 1979-жылы 10-апрелде туулган. Вашингтондо өскөн. Коледждердин биринде искусство тармагында билим алган кезинде акшлык тынчтык ыктыярчысы катары Эл аралык Тилектештик кыймылына (International Solidarity Movement) мүчө болгон. Үч жыл бою өз ыктыяры менен психикалык жактан жабыркагандарды баккан.

Окуусун аяктаар алдында Газага барып “боордош шаар” долбоорун баштоо ниетинде көз карандысыз окуу программаларын сунуштады. Буга кызыгуу жаралса Израиль Газага кыйынчылык жаратпай турганына ишенген.

Корри Рафах шаарында жүргөндө Израилдин Коргоо күчтөрү бульдозерлер менен сүздүрүп жаткан үйлөрдү сактап калуу үчүн жандуу калкан болгон. Ага карабай бульдозер тебелеген. Рэйчел тынчтык үчүн жанын бергенде 24 гана жашта болгон.

Палестинада жүргөндө ал апасына кат жазып турган. Анда “Дүйнөдө мындай зулумдуктар болуп жатканына ишене албай жатам. Дүйнө мындай коркунучтуу абалга көз жуумп жатканы жанымды кыйнап жатат”,-деген.

Дүйнөнүн бир топ жеринде Рэйчел Коррини эскерген түрдүү иш-чаралар өттү. Ал боюнча театрлаштырылган оюндар коюлган. Аны эскерип 2010-жылдын 12-майында “Эркин Газа” кыймылына тиешелүү кемеге Рэйчел Коррини ысымы ыйгарылган.

Анын үй-бүлөсү 24 жаштагы кызы мыйзамсыз өлтүрүлгөнүн жана Израиль өкмөтү окуяга байланыштуу тергөө иштерин жүргүзбөгөнүн сотко даттанган. Сот 2012-жылдын 28-августунда чыгарган чечимде мамлекет согуш учурунда болгон зыяндардын эч бирине жооп бербей турганын билдирген. Ошондой эле Рэйчелдин өлүмүнө кайгылуу кырсык катары баа берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!