Путинге арналган ырды 130 миң адам көрдү

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:40

Тажикистандык хит-мейкер Толибжон Курбонхонов Владимир Путинге арнаган төртүнчү ырын президенттик шайлоонун алдында аткарып чыкты. Бул россиялык жылдыздардын кызыгуусун жараткан жок.

Толибжон өз чыгармасында адаттагыдай эле кумирин мактаган. Чыгармада “Өлкөнү куткаруу үчүн аны бизге асмандан жиберген” (Ради спасения страны нам с небес отправили его), “Улуу лидерге – улуу держава” деген сөздөр орун алган. Ошондой эле “Бул оппозициячыларды эч эле түшүнбөйм”,-деп анын оппоненттерине кайрылган.

Толибжон Курбонхонов 17-мартта “Озоди” радиосуна берген маегинде шайлоо алдында Путин тууралуу жаңы ыр чыгарганын, аны россиялык аткаруучуларга бирге аткарууну сунуштаганын айткан.

“Россиялык жылдыздарга бул ырды дуэт ырдоону бир айдан ашык сунуштадым. Эч ким макул болгон жок. Текстин окуп көрүп саясат бар экенин, алар саясатка аралашкысы келбей турганы айтышты. Андан улам өзүм аткарууну туура көрдүм. Ютубдагы роликти эки күндө 130 миң адам көрдү”,-деген ал.

Толибджон Курбонхонов 2010-жылы Россиянын жарандыгын алган жана аталган өлкөдө жашайт. Учурда ишкерлик менен алектенет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!