​10 жыл изделген энени “Твиттер” 18 саатта тапты

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:23

22 жаштагы малайзиялык Аю Разак биологиялык энесин он жыл издеген. Акыры таппаганына капаланган кыз сүрөтүн “Твиттер” тармагына жүктөгөн. Андан бир күн өткөндө апасы байланышка чыккан.

Ата-энеси башка экенин Аю он эки жашында билген. Андан бери биологиялык апасына кезигүүнү эңсеп, издей баштаган. Аты жөнүн сураштырып, бир нече сүрөттөрүн тапкан. Арадан он жыл өтсө да жакшы жыйынтык чыкан эмес. Акыры “Твиттер" тармагына колундагы маалыматтарды жайгаштырган. Аты жөнү Сити Розан экени, Сандакан шаарында жашары жазылган. Ошондой эле жакында болчу үлпөтүндө көргүсү келерин кошумчалаган.

“Твиттер” колдонуучулары Аюнун тарыхын угуп, Сити Розанини издөөгө киришкен. Кыздын жазгандарын 20 миң адам бөлгөн. 18 сааттан кийин апасы байланышка чыгып, ошол эле кечте жолугушкан. Сити көп балалуу болгондуктан башка аялга баланы берүүгө аргасыз болгон.

Аю эки апасы бар экенинен сүйүнүп турган чагы. Андан сырткары үлпөтүнө өзү тааныбаган беш бир тууганы келмекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!