Акыркы ак носорог жок болду

20-Март 2018, Шейшемби, 18:19

Кенияда Судан деген такма аты бар 45 жаштагы түндүк ак носорогу өлдү. Ветеринарлар аны катуу оорудан улам уктатууну чечти. Бул түрдү кайтаруу аракеттери болбосо мындай жаныбар жок болгондордун катарын толуктайт.

Артында эки ургаачы носорог, кызы жана небереси калды.

Ак носорог планетада пилдерден кийинки эң ири сүт эмүүчү болуп саналат. Ошондой эле браконерлердин аракетинен улам жоголуп кетүүчү жаныбарлардын тизмесинде биринчи орунда.

Судандын өзүн кайтаруу үчүн күнү-түнү күзөт коюлган. Көбүнчө браконьерлерди бул жаныбарлардын мүйүзү кызыктырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!