Түркия боюнча билдирүү кеңири талкууланууда

22-Март 2018, Бейшемби, 18:35

Бириккен улуттар уюмунан (БУУ) Түркиядагы Өзгөчө кырдаалга, укук бузууларга байланыштуу билдирүү дүйнөлүк медиада кеңири талкууга алынды. Өзгөчө “Reuters” “Washington Post”, “ABC News”, “Aljazeera” жана “BBC” сыяктуу ири медиа уюмдарына бул боюнча макалалар жарыяланды.

2016-жылдагы 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу укук бузуулар БУУнун билдирүүлөрүндө чагылыдырлгандан кийин дүйнөдө талкуу башталды.

Кырдаалга байланыштуу он миңдеген жарандар жаза өтөөчү жайларга киргизилди. Жүз миңдери жумуштан бошотулду. Медиа уюмдары БУУнун рапортунда Түркиядагы адам укуктары бузулуп жатканы олутту чекке жеткени боюнча маалыматтарды бөлүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!