Кофеден жаралган искусство

23-Март 2018, Жума, 12:35

Нигериялык сүрөтчү Экене Энгигена кофени абдан жакшы көргөн. Андан улам ал аны боектун ордуна колдоно баштаган. Кайнатылган же тез даярдалган ичимдиктен Экене өзү каалаган өң чыгара алат. Бул идея кандайча жаралганын сүрөтчү өзү айтып берген.

“Жогушууга барып латте ичип жаткам. Капысынан ал блокнотума тамчылап кетти. Ошондо кагаздагы түс көзүмө абдан жакшы көрүндү. Мындан чыгарма жаратса болорун түшүндүм!”,-деген ал.

Кофе менен сүрөт тартуу өтө кылдаттыкты, чыдамкайлыкты талап кылат. Анткен менен коргоочу лак пайдаланылган чыгарма кылымдарга сакталат.

Чыгармачылыгында Экене социалдык теңсиздик, жакырчылык жана террорчулукту чагылдырат. Анын үстүнө “кофе-арт” жакшы киреше алып келет. Аны ар бир сүрөтү 200 евродон арзан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!