“Facebook” тармагына дагы бир сокку

24-Март 2018, Ишемби, 12:35

“Facebook” социалдык медиа платформасы колдонуучуларынын маалыматтары чыгып кеткени боюнча жаңжалдан кийин оор күндөрдү башынан өткөрүүдө. Андан улам ири компаниялар аталган тармакка жарнама берүүнү токтотту.

Анда 50 миллион адамдын маалыматтарын башка ишканаларга бөлүшкөнү белгилүү болору менен ири маркалар жарнама берүүнү токтотту. Алардын катарында Германиядагы эң чоң “Commerzbank” жана “Firefox” Интернет браузери менен белгилүү “Mozilla” бар.

Эске сала кетсек, “Facebook” тармагынын жетекчиси Марк Цукерберг өткөн күндөрдө “CNN” телеканалына берген билдирүүсүндө маалымат коопсуздугунан кемчиликтер кеткенин мойнуна алган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!