Исландия - дүйнөдө бир да чиркейи жок мамлекет

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:49

Курт-кумурскалардын бул өлкөдө жоктугу жаратылыштын табышмагы. Себеби эмдигиче белгисиз.

Исландияда, Фарер аралдарында бир да чиркей жок. Коңшу өлкөлөрдү тажаткан чиркейлердин бул жакка өтпөгөнүнө Исландиянын океаниялык климаты себеп дешет. Бирок андай климаты бар көптөгөн мамлекеттерде чымын-чиркейлер жашап, көбөйүп жатат.

Бул өлкөдө чиркейлердин жоктугу жаратылыштын чоң табышмагы. Буга туристтер абдан ыраазы. Алар Исландияда жүрүшкө чыгуудан, чатырларда эс алуудан ырахат алышат. Өлкөнүн чымын чиркейи жок кооздугуна суктанып кайтышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!