Путин: Ушунча элди эмнеге жоготуп алдык?

27-Март 2018, Шейшемби, 12:36

Россиянын президенти Владимир Путин Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборундагы 60 адамдын өмүрүн алган өрттүн себептери боюнча оюн билдирди.

“Бизде эмне болуп жатат. Капысынан болгон аскердик аракет же шахтадагы күтүүсүз кырсык эмес. Эл, балдар эс алганы келишкен. Демография тууралуу айтып жатканда ушунча элди эмнеге жоготуп алдык? Кайдыгерликтен, тартипсиздиктен”,-деди Путин Кемероводо өрттүн кесепеттерин жоюу боюнча жыйында.

Мамлекет башчысы Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге трагедияга жол берген кызматкерлерге укуктук баа берүүнү тапшырды. “Акча жок маалымдама ала албайсын. Ал эми акча үчүн барына кол коюшат”,-деди ал.

Жыйынды президент көз жумгандардын жакындарына көңүл айтуу, эскерүү мүнөттөрү менен баштады.

Бүгүн, 27-мартта Путин Кемерового келери менен өрттөнгөн соода борборунун алдына гүл койду. Ошондой эле ал имаратты карап чыкты.

Кемероводогу төрт кабаттуу соода борборунда жекшемби 25-мартта өрт чыккан. Тилсиз жоо 64 адамдын өмүрүн алды. Алардын көбү балдар экенин болжолдонууда. Угардык газга ууланган 13 адам ооруканада жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!