Аскерден качып атайын толду

27-Март 2018, Шейшемби, 16:52

Түштүк Кореянын тургуну аскерде кызмат өтөгүсү келген эмес. Армияга жараксыз болуу үчүн жаш жигит бир нече килограмм салмак кошконун “The Korea Times” кабарлаган.

Мектепти аяктаганда салмагы 87 килограмм, бою 180 сантиметр болсо, жарым жылда 113,6 килограммга жеткен. Дененин салмагы нормадан ашкандыктан жигитти физикалык кыймыл болбогон мамлекеттик кызматка жиберилген. Кийин полицияга бул иштер атайын жасалганы белгилүү болгон.

Түштүк Кореянын мыйзамына ылайык саламаттыгына атайын зыян келтиргендер, аскердик милдеттен качкандар беш жыл эркинен ажыратылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!