​Кайра иштетүү тармагы өнүгөт

14-Апр. 2017, Жума

Өкмөт өлкөдө кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн төрт жылдык программасын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасы бектилди. Программанын негизги максаты – азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүү, калкты сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен туруктуу камсыздоо болуп саналат.

Аталган программаны ишке ашыруу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлдү.

Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!