70 млрд. сом салык түшпөй жатат

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Көмүскө экономиканын көлөмү өлкөнүн рыногунун 50 пайызын камтып 250 млрд. сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети менен экономика жана фискалдык саясат комитетинин биргелешкен жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

“Улуттук статистика комитетинин билдиргени боюнча көмүскө экономика 23 пайыз. Ал эми эл аралык уюмдун билдиргени боюнча көмүскөдөгү экономиканын деңгээли 50 пайыз. Ошондо бүгүнкү күндө продукция өндүрүүдө жана кызмат көрсөтүүдөгү көмүскөдөгү ишкерчиликтин көлөмү 250 млрд. сом болот. Ал эми бюджетке 70 млрд. сомго барабар салык түшпөй калып жатат”,-дейт Жапаров.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!