Компания жетекчиси кызматтан алынат

12-Май 2017, Жума

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кезектеги жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын ишинен канааттанбаганын билдирди.

“Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 2015-жылдын 15-июлунан бери иш алып барып келет. Аталган компанияга мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом бөлүнгөн. Учурда 8 млн. сомго 10 миң 800 турак-жай камсыздандыруудан өткөн. Бул өтө начар көрсөткүч. Бюджеттен 100 млн. сом алып, жасаганыңар 8 млн. сомдук иш. Силерге эмне өкмөт саан уйбу, силер тамак бербей эле саап жатасыңар”,-дейт Жээнбеков.

Ошондой эле өкмөт башчы, аталган компаниянын жетекчиси иштен кетирүүнү буюрду.

“Мен Чоң-Алайда болгонумда жергиликтүү жашоочулар турак-жайды камсыздандыруу тууралуу укпагандыгын айтышты. Жетишерлик иш алып бара албаган жетекчини иштен алып жергиликтүү жетекчилер менен тыгыз иш алып бара ала турган жетекчи дайындаш керек. Компаниянын буга чейин жасаган иштерин экономикалык кылмыштуулук боюнча кызмат тыкыр текшерүүгө алуусу зарыл”,-деп билдирди өкмөт башчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!