​Социалдык жөлөк пул орточо 874,9 сом

12-Май 2017, Жума

Кыргызстандагы минималдуу айлык акы 1,5 сом. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө ичинде номиналдуу айлык маяна 13 миң сом. Айлык каражатынын өсүшү 4,5 пайызды камсыздаган. Айлыктын күнүмдүк керектөөнүн баасынын көрсөткүчүн эске алганда 3,6 пайызды түзөт. Ошондой эле пенсиянын орточо көлөмү 5 миң сом. Ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул 764,9 сомдон 874,9 сомго жетти.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1 кварталындагы калктын жашоо деңгээли өткөн жылдагы көрсөткүчтү сактап турат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!