​Камбар-Ата ГЭСинин агрегатына каражат табылды

23-Май 2017, Шейшемби

Өкмөт Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын сатып алууга каражат тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын сатып алуу үчүн Евразия өнүктүрүү банкы тарбынан бөлүнүп жаткан 110 млн. долларлык долбоор келишимди ратификациялады.

Белгилүү болгондой аталган ГЭСтин экинчи агрегаты ишке киргенден кийин Токтогул ГЭСинен кыш мезгилинде сууну кое берүүнү азайтууга мүмкүндүк түзүлөт.

Келишим боюнча бул 110 млн. доллар жылдык 1 пайыз менен 20 жылга берилет. Анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт.

Эскерте кетсек, Камбар-Ата-2 ГЭСи 3 агрегаттын жардамы менен иштеген толук кубаттуулугу 360 МВт. биринчи агрегаты 2010-жылы ишке берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!