​Мигранттардын саны боюнча Кыргызстан 5-орунда

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстан Россияда эмгектенген мигранттардын саны боюнча 5-орунда турат. Бул тууралуу Россиянын эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы билдиргендигин аталган өлкөнүн массалык маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жылы Россияга 9,6-10,4 млн. чет өлкөлүк жаран келген. Анын 85 пайызы же 8,2 млн. жаран КМШ өлкөлөрүнөн келгендер түзөт. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 8 пайызга кыскарган. 2015-жылга салыштырмалуу 5 пайызга төмөндөгөн.

Акыркы 3 жылда Өзбекстандан келген жарандардын саны 30 пайызга, тажикстандыктар 10 пайызга азайган. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн келгендердин саны тескерисинче өскөндүгү байкалган.

2016-жылы эмгек мигранттарынын саны 3,6-4 миллионду түзгөн. Анын 96-96 пайызы КМШдан келген мигранттар. Мунун ичинен 66 пайызы орто азиялыктар.

Учурда Россияда эмгектенген мигранттарды өлкө боюнча алынган расмий маалыматтарга караганда:

Украина 2,4 млн.

Өзбекстан 2,2 млн.

Тажикстан 1 млн.

Молдова 561 миң

Кыргызстан 544 миң

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!