Дүйнөлүк мунай биржаларынын билдиргенине караганда мунайдын баасы төмөндөдү.
Лондон мунай биржасындагы мунайдын баасы 1,53 долларга төмөндөп, бир баррель мунайдын орточо наркы 50,31 долларга бааланган. Ал эми Нью-Йорк биржасында мунай баасы 48,32 долларды түзгөн же 1,34 доллага арзандаган.