Россия КРга ​2 миң тонна продукцияны кайтарды

2-Июнь 2017, Жума

Жыл башынан бери Россиянын аймагына Кыргызстан менен Казакстандан мыйзамсыз жол менен келген 2 миң тонна кооптуу продукция кайтарылган. Бул тууралуу Россельхознадзордун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Карсук” фитосанитардык көзөмөл өтмөгүнөн өткөрүлбөй артка кайтарылган азыктардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 эсе жогорулаган.

20107-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Россельхознадзордун кызматкерлери тарабынан Казакстандан жөнөтүлгөн 956 тонна өсүмдүк азыктары. Кыргызстандан 884 тонна, Өзбекстандан 202 тонна өсүмдүк азыктары, Тажикстандан 80 тонна жер-жемиш жана Кытайдан жөнөтүлгөн 20 тонна курма, 18 тонна калемпир, 1,5 тонна томат кармалган. Кармалган азыктар Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу унааларга жүктөлүп Россиянын аймагына жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!