​710 миң жаран чет өлкөдө эмгектенет

2-Июнь 2017, Жума

Кыргызстандын 710 миңдин тегерегинде жараны эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Жогорку кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 2017-жылдын май айына карата Россиянын аймагында 616 миң жаран эмгектенип жүрөт бул өткөн жылга салыштырмалуу 66 миңге көптүк кылат.

Казакстанда - 30 миң эмгек мигранты бар.

Түркияда - 30 миңдин тегерегинде.

Түндүк Кореяда - 14 миң.

Башка өлкөлөрдө - 20 миң

Россияга кетип жаткан жарандардын саны өсүп жатат. Алардын 400 миңи иштөө үчүн баргандар. Анын ичинен 15 миңи Россиянын жарандыгын алган. Кара тизмеге 2014-жылы 180 миң жаран кирип калган, алардын санын кыскартуу иштери жүргүзүлүп учурда мындай мигранттардын саны 106 миңге түштү. 2017- жылдын ичинда дагы 44 миңге чейин азайтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!