Дүйнөлүк карыз рекорддук чекке жетти

30-Июнь 2017, Жума

2017-жылдын биринчи кварталында дүйнөлүк карыздын көлөмү рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Эл аралык каржы институту билдирди.

Маалыматка караганда, дүйнөлүк карыз 600 млрд. доллага көбөйүп 217 трлн. долларга жетти. Бул көлөм дүйнөлүк дүң өндүрүмдүн 327 пайызын түзөт.

Дүйнөлүк жалпы карызга, өкмөттүн, банктардын, корпорациялардын карызы жана чарбалык карыздар кирет.

Карыздын ыкчам көбөйүүсү ири экономика эсептелген АКШ менен Кытайда болгон. Алардын карыздары 2 трлн. долларга көбөйгөн. Тактап айткада Кытайдын карызы 32,7 трлн. долларга жетсе, ал эми АКШнын карызы 63 трлн. долларга жеткен.

Ал эми өнүгүп кележаткан рыноктордун жалпы карызы 3 трлн. долларга өсүп 56 трлн. долларга жеткен, же дүң өндүрүмүнүн 218 пайызын түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!