Электр чубалгыларын куруу пландалып жатат

6-Июль 2017, Бейшемби

Кыргызстанда жаңы электр берүү чубалгыларын куруу пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Душамбе шаарыда өтүп жаткан “CASA-1000” долбоору боюнча самиттин жүрүршүндө билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө узундугу 450 чакырымды түзгөн 500 киловольттук электр чубалгысын куруу каралып жатат. Учурда даярдык иштери башталды. Ислам өнүктүрүү банкынын каражаты жумшала турган 125 чакырымдык бөлүгү боюнча билдирүүлөрү каралып жатат. Ал эми калган 325 чакырымдык бөлүгү Дүйнөлүк банктын Европа инвестициялык банкынын каражатына сатып алуу проссестери башталганы турат.

Атлаган долбоор 2018-жылдын январь айында башталып калышы үчүн тендерлер ийгиликтүү өтүп, өз учурунда аякташы зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!