​Кыргызстан электрди экспорттой баштады

7-Июль 2017, Жума

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу Улуттук “Энерго холдинг” компаниясы билдирди.

Маалыматка караганда, “Электр станциялар” ачык акционердик коому менен “Өзбек энерго” акционердик коомунун ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык Кыргызстандан Өзбекстанга электр энергиясы жөнөтүп жатат.

4-июлга карата 192,5 млн. кВт. саат электр энергиясы жеткирилди. Келишимге боюнча жалпы 1,25 млрд. кВт. саат электр энергиясы экспорттолот. 1 кВт. саат электр энергиясы 2 центтен бааланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!