​Чили менен Кыргызстан кызматташууга кызыкдар

29-Июль 2017, Ишемби

Чили республикасы Кыргызстандын жаңгагын экспорттоого жана тоо-кен өнөр-жай тармагында кызматташууга кызыкдар. Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүгү менен таанышуу үчүн Чили республикасынын өкүлдөрү расмий иш сапар менен келишет. Бул тууралуу Соода - өнөр-жай палатасы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган өлкөнүн өкүлдөрүнүн айтымында Чили мамлекети Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр менен кызматташууга экономикалык багыт алган.

Соода – өнөр-жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеевдин айтымында. Кыргызстанда Евро биримдиктин өлкөлөрүнө товар экспорттоодо салыктын нөлдүк чени сыяктуу жагымдуу шарттын бар болушу Чили өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн келишине себеп болгон.

Белгилүү болгондой Чили мамлекети жез экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ошондой эле өнөр-жай буюмдарын чыгаруу, айыл чарба азыктарын, балыкчылык, токой жана пайдалуу кендерди иштетүү жакшы жолго коюлган .

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!