​Канада 67,3 млн. доллар инвестиция салган

9-Авг. 2017, Шаршемби

2017-жылы чет өлкөдөн 202,6 млн. долларга барабар инвестиция келген. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев маалымат жыйынында билдирди.

Келген инвестициянын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 35 пайызга өскөндүгү байкалган. Инвестициянын негизги бөлүгү кайра иштетүү тармагына 56,7 пайыз жумшалса, каржы тармагынын үлүшүнө 26,5 пайыз болгон. Ал эми илимий техникалык ишмердүүлүккө 9,9 пайыз жумшалган.

КМШ өлкөлөрдөн келген инвестициянын агымы 59,5 пайызга кыскарып 25,7 млн. долларды камтыды. Анын ичинен Казакстан 16,8 млн. инвестиция келип негизги инвестор болуп калды.

Ал эми алыскы чөт өлкөлөрдөн Канада 67,3 млн., Кытай 58,6 млн. доллар инвестиция салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!