​Инвестициялык 9 ири долбоор ишке ашат

9-Авг. 2017, Шаршемби

Инвестиция тартуу боюнча жана экспорт мамлекеттик агенттиги 9 инвестициялык долбоор тартууга жетишти. Бул тууралуу Инвестиция тартуу боюнча жана экспорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алымбек Орозбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун 9 долбоору ишке ашат. Алар; Кытайдын “Гую” компаниясы айыл чарба тармагында “Азия искрасы” айыл чарба өндүрүш паркы долбоорунда кызматашууга 1 млрд. долларга жакын каражат жумшашы мүмкүн.

Франциялык “Accor Group” фирмасы 25 млн. долларга эл аралык стандарка жооп бере турган “Novotel” мейманканасын курууну көздөп жатат.

Кызыл-Октябрь айылында “Салют комапи” компаниясы жарандык жардыруучу заттарды чыгаруучу завод курат. Ага 5,8 млн. доллар жумшалат.

Мындан тышкары радиатор чыгаруучу завод, текстиль фабрикасы, эт-сүт комбинат, суумай чыгаруучу цех ошондой эле дары-дармек чыгарууну жана чет өлкөлүк студенттер үчүн медициналык ачууну көздөп жатышат
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!