​15 долбоор ишке ашырылат

9-Авг. 2017, Шаршемби

Учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 15 долбоор ишке ашуунун алдында турат. Бул тууралуу Инвестиция тартуу жана экспорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алымбек Орозбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоорлордун жалпы наркы 165 млн. доллардан ашат.

“Анын ичинен бешөө Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган. 4 долбоор саламаттыкты сактоо тармагына, 4 спорт жана туризмге, 1 транспорт жана бирөө бажы логистикасына каралган. Учурда аталган долбоорлорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлүп жатат”,-дейт Орозбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!