ИДӨнүн көлөмү 239,8 млрд. сомду түздү

10-Авг. 2017, Бейшемби

Үстүбүздөгү жылдын өткөн алты айында ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 6,9 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, январь-июль айларынын аралыгындагы ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү 239 млрд. 868,3 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга көптүк кылат.

Кумтөрдү эске албаганда ИДӨнүн өсүүсү 3,6 пайызды камтып, 214 млрд. 249,8 млрд. сомго жеткен.

ИДӨнүн жогорулоосу өнөр-жай өндүрүшүнүн продукцияларынын өсүшүнө байланыштуу. Химиялык продукция өндүрүүдөн башка тармактарда өсүү болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!