Россиядан 235,2 млн. доллар которулган

10-Авг. 2017, Бейшемби

Июнь айында Кыргызстанга акча которуунун көлөмү 238,8 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, июнда Кыргызстанга сырттан акча которуу май айына салыштырмалуу 2,4 млн. долларга жогору болгон же 1,02 пайызга көбөйгөн.

Сырттан которулган акчанын негизги бөлүгүн же 98,5 пайызы Россияда иштеген эмгек мигранттарынан келген. Россиядан жалпы 235,2 млн. доллар которулган. Май айына салыштырмалуу 2,2 млн. доллар көбүрөөк которулган.

Ал эми Россиядан кийинки орунда АКШ турат. АКШдан жүргүзүлгөн которулган каражаттын көлөмү 1,8 млн доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!