Айдоочулук күбөлүк ЕАЭБде таанылат

15-Авг. 2017, Шейшемби

Евразия экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Астана шаарында бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу “КазТАГ” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын жыйынтыгында башка өлкөнүн ичинде иштөөнү жеңилдетүү үчүн ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөрдүн ичинде берилген улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктү таанууга байланышкан документтерге кол коюшту.

Ошондой эле Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандын өкмөт жетекчилери бирдиктүү электр энергия рыногун түзүү, транспорт саясатын координациялоо сыяктуу тармактык кызматташууну өнүктүрүү жана биримдиктин ички рыногунда чектөөлөрдү жоюу боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!