Гуандун провинциясы кызматташууга кызыкдар

16-Авг. 2017, Шаршемби

Кытайды Кыргызстандын энергетика, текстиль жана азык-түлүк тармактары кызыктырат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода – өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү менен Кытайдын Гуандун провинциясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунун учурунда белгилүү болду.

“Кытайлык сатып алуучу баасына карабайт, сапаты өтө маанилүү. Муну Кыргызстандык ишкерлер пайдалана алат. Кытайды Кыргызстандын Энергетика сектору, текстиль жана азык-түлүк тармактары кызыктырат”,-дейт Генералдык катчынын орун басары Ли Ивей.

Бирок учурда Гуандун провинциясы Кыргызстандан экспорттогонго караганда эки эсе импорттоп жатат. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кытайдын аталган провинциясынан Кыргызстанга 45 млн. долларга товар импорттолгон. Ал эми Кыргызстандан Гуандунга 10 миң долларга гана товар жөнөтүлгөн. Ошондуктан кытайлык өкүлдөр эки тараптын ишкерлеринин алакаларын чыңдоого кызыкдар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!