​ЕАЭБ менен соода жүгүртүү жогорулады

17-Авг. 2017, Бейшемби

Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 12 пайызга жогорулап, 1 млрд. 88 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү 29,6 пайызга өсүп, импорт 7,3 пайызга жогорулаган.

Соода алакаларынын негизги үлүшү Россия (60,4 пайыз) менен Казакстанга (38 пайыз) тиешелүү.

Россияга жөнөтүлгөн товарлардын ичинен кийим-кече, кургатылган мөмө-жемиштер, пияз, сарымсак жана сабиздин көлөмү өскөн. Ал эми буурчак өсүмдүктөрү жана жер-жемиштин көлөмү азайган.

Россиядан Кыргызстанга келген кондитер азыктары, курулуш тактайлары, канатуулардын эттеринин көлөмү жогорулаган. Ал эми дары-дармек, суу май, консерваланган жемиш, боёк-лактын келүүсү азайган.

Казакстандан Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлардын ичинен кондитердик азыктар, суу май жана күрүчтүн көлөмү жогорулаган.

Кыргызстандан Казакстанга импорттолгон товалардан айнек, кийим-кече, минералдык жана газдалган суунун көлөмү өскөн

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!