“Кошой”, Кайыңды Кант” ишканалары октябрда ишке кирет

18-Авг. 2017, Жума

“Кошой” жана Кайыңды Кант” кант заводдорунун жаңылоо иштери 1-октябрда аяктайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун айтымына караганда “Кошой” жана Кайыңды Кант” кант заводдорун модернизациялоо кант кызылча көйгөйүн гана чечпестен өлкөнү өздүк кумшекер менен камсыздоого мүмкүндүк ачат.

“План боюнча “Кошой” жана Кайыңды Кант” кант заводдорунда модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Модернизациялоо иштери аяктагандан кийин кант кызылча көйгөйүн гана чечпестен өлкөнү өздүк кумшекер менен камсыздоого мүмкүндүк түзүлөт. Айыл чарбасын өнүктүрүү маанилүү маселе экенин эске алып өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо долбоорун улантып жатат”,-дейт өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жыл ичинде өлкөнүн фермерлерине 4 млрд. 102,5 млн. сомго барабар 9,46 миң насыя берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!