​“CASA-1000”: 34 компания кызыкдар

18-Авг. 2017, Жума

“CASA-1000” долбоорунун электр чубалгыларын курууга 34 компания кызыкдар. Бул тууралуу “Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү” компаниясы билдирди.

Маалыматка караганда, “CASA-1000” долбоорунун электр чубалгыларын куруу боюнча тендерге учурда Индия, Россия, Кытай, Түркия, Испания, Бельгия, Хорватия, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 34 компания катышууга кызыкдар.

Тендердик билдирүүлөр 22-сентябрга чейин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, аталган тендер 22-июлда жарыяланган. Тендерде эки лот болот. Шарт боюнча келишим түзүлгөндөн кийин 24 айдын ичинде ишти бүткөрүш керек. “Датка” көмөк чордонунан “Худжент” көмөк чордонуна чейин, 450 чакырым узундуктагы электр чубалгыларын куруу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!