Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар айлануунун көлөмү 1 млрд. долларга жакын. Бул тууралуу Соода-өнөржай палатасы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстанга сырттан келген инвестициянын 30 пайызы Кытай өлкөсүнөн келет. Кытай менен болгон кызматташу жылдарында 2 млрд. гранттык каржы, 1,8 млрд насыялык каражат келген.
Учурда кытайлык инвесторлор минералдык-сырьелук ресурстарга, айыл чарба тармагына жана жеңил өнөр жайына кызыгып жатат.