Нарынга Хаб курулат

19-Сен. 2017, Шейшемби, 14:12

Нарын областында соода-логистикалык хаб 2017-жылдын кыш айларына чейин курулат. Бул тууралуу өкмөт башчынын Нарын областына жазаган иш сапары учурунда Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров маалымдаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, бул маселе өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен 2015-жылдагы жолугушуусунда талкууланган.

“Учурда Кытай менен Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында сүйлөшүүлөр жүрдү. Болжолдуу сүйлөшүүлөр бар. Хаб 200 гектар аянт жерди ээлейт. Ал соода хабы, логистикалык жана индустриальный болуп 3 зонага бөлүнөт. Долбоордун алкагында биринчи кезде соода жана логистиканы өнүктүрүү пландалып жатат. Буга баардык шарттар бар. Аталган хаб Бишкек-Торугарт жолунан 70 км. алыстыкта жагашкан. Ошондой эле ушул аймактан темир жол да өтөт”,-дейт Абакиров.

Бул жер Евразия экономикалык биримдиги менен Кытайдын Пакистанга кете турган унаа жолу кездешкен жер болот. Азырынча тыным кампасын курууга 3 компания кызыкыкдар. Бул борбордун инфраструктурасына кетүүчү чыгымды мамлекет толук бойдон малекет өзү каржылайт. Ага жалпы 20-30 млн. сом керек. Ал эми калган чыгымдарга инвесторлор тартылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!