​Өзбекстан-Кыргызстан бизнес-форуму өтөт

19-Сен. 2017, Шейшемби, 16:57

5-6-октябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында “Өзбекстан-Кыргызстан 2017" бизнес-форуму жана көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан өлкөсүнө жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында өтөт. Эки тараптын достук диалогду чыңдоо максатындагы көргөзмөсүнө Ташкент шаарынан жана жакынкы облустардан катышуучулар көп келээри күтүлүүдө.

Бизнес-форум алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Ал көргөзмөдө негизинен туризм, азык-түлүк жана айыл чарбасы, машина куруу, жабдуулар, маалыматтык технологиялар жана телекоммуникация, курулуш материалдары, химия өндүрүшү, жеңил өнөр жай, кол өнөрчүлүк, улуттук суусундуктар, арак-шарап өнүмү, тоо-кен өндүрүшүнүн продукциялары коюлат. Катышуучуларга өз өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн көрсөтүп, жаңы өнөктөштөрдү табууга, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө, ишкер байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!