Эл аралык резерв 40 млн. долларга көбөйдү

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:17

Сентябрь айынын жыйынтыгында өлкөнүн эл аралык кору 39.56 млн. долларга өскөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн айда Кыргызстандын эл аралык корунун жалпы көлөмү 2 млрд. 131,2 млн. долларды камтыган. Өткөн жылдагы көлөмгө салыштырмалуу 152,2 млн. долларга көбөйгөн. Өткөн жылы сентябрь айындагы кордун көлөмү 1 млрд. 979 млн. долларга барабар болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!