Туризм багытында 141 келишим түзүлдү

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:21

Ташкент шаарында 1-6-октябрда өткөн Эларалык “Жибек жолундагы туризм” жарманкесине Кыргызстан да катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чаранын алкагында Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов башында турган кыргызстандык делегация Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Азис Абдухакимов менен жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдыруу багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жарманкенин жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын туристик операторлору жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринин ортосунда жалпы 1,5 млн. долларга 141 келишим түзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!