Сырткы сооданын көлөмү 3,9 млрд долларга жетти

11-Окт. 2017, Шаршемби, 16:10

8 айдын ичинде өлкөнүн сырткы товар жүгүртүүсү 12,1 пайызга жогорулап, 3 млрд. 888 млн. долларга жеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан экспорттолгон товардын көлөмү 24,4 пайызга камтып, 1 млрд. 106,4 млн. долларга өскөн. Өсүү руда жана баалуу металлдардын концентратын жеткирүүнүн көлөмү 21,6 пайызга өскөндүгүнөн болгон. Ошондой эле жылмаланган айнек жана кургатылган жемиштин экспорту 2 эсе, монетарланбаган алтындын 25,7 пайызга өсүшүнүн эсебинен болгон.

Ал эми импорт 7,8 пайызга жогорулап 2 млрд. 782 млн. өскөн. Анын өсүшү мунай продуктыларынын жана дары-дармек жана техникалык аппараттарды жана ага керектү бөлүктөрдүн келүүсүнүн өсүшүнө байланыштуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!