"Манас" аэрапорту 2,7 млн. жүргүнчү тейледи

17-Окт. 2017, Шейшемби, 14:52

2017-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгыда эл аралык "Манас" аэрапортунда жүргүнчү тейлөө өткөн жылга салыштырмалуу 445 миң 245 жүргүнчүгө көбөйгөн. Бул тууралуу эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, 9 айдын ичинде 2 млн. 688 миң 493 жүргүнчү тейлеген. Анын ичинен ички каттамдар менен 979 миң 793 жаранга кызмат көрсөтүлгөн. А эми эл аралык каттамдарда 1 млн. 708 миң 700 адам тейленген. Башкача айтканда бир суткада орточо 9,9 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлгөн.

Ушул аралыкта 23 миң 796 каттамдар жүргүзүлүгөн, анын 8 миңи ички, 15,6 миңи тышкы каттамдар болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!