Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын декабрынан 2018-жылдын мартына чейин 550 кВт саат электр энергиясы экспорттолот.
“Өзбекстанга жалпы 550 кВт саат электр энергиясы экспорттолот. Экспорттолгон электр кубатынын 1 кВт сааты 2,4 центтен сатылып, жалпысынан экспорт 13 млн. 200 миң долларга бааланат. Жайкы сезондо Кыргызстан Өзбекстанга 1,25 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Анын 1 кВт саат электр энергиясын 2 центтен бааланган. Бул келишим октябрь айында бүттү”,-дейт Калиев.