​ХАССП стандартын киргизүү үчүн ишкерлерге насыя берилет

18-Окт. 2017, Шаршемби, 15:32

Кыргызстандын коммерциялык банктары ишкерлерге ХАССП стандарттын киргизүү үчүн насыя берүү тууралуу өкмөт токтом чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Токтомго ылайык насыяны азык-түлүк жана айыл-чарба товарларын кайра иштетүү жаатында иштегендер алышат. Ишкерлер 1-30 млн. сом өлчөмүндө беш жылга 6 жылдык пайыз менен насыя ала алышат. Бирок ишкердин өзүндө карыздын 20 пайызы болушу керек. Акча алгандан кийин эки жыл ичинде ХАССП өндүрүшкө киргизилип башташы керек.

Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттине ылайык уюмдун аймагында азык-түлүк товарлары ХАССП стандарты киргизилген ишканаларда гана чыгарылат. Бул стандарт жана тийиштүү күбөлүктөрү жок өндүрүшчүлөр товарын сатыкка чыгара албайт.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта өкмөттүн чечими менен экспортко багыт алган же импорттун ордун толтуруучу ишканаларга беш жылга 10 пайыздык үстөк нарк менен 250 млн. сомго чейин насыя бериле баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!