​Сокулуктагы фабрикадан аскердик бут кийим чыгарылат

19-Окт. 2017, Бейшемби, 16:10

Кыргыз орус өнүктүрүү фонду Сокулук районунун Новопавловка айылындагы бут кийим чыгаруучу фабриканы каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган фонд менен “Империал Групп Компани” ишканасы каржылык көмөк көрсөтүү боюнча келишим түздү.

Долбоордун максаты жарандык жана атайы кесиптик бут кийимдерди чыгаруучу көп профилдүү өндүрүш ишканасын түзүү жана кеңейтүү. Ошондой эле импортту алмаштыруучу сапатту Европа стандартындагы жеткиликтүү бут кийим чыгарууну ишке ашыруу болуп саналат. Аталган ишкана күч структуралары жана атайын жумуш үчүн бут кийимдерди чыгаруу үчүн жабдык сатып алууну пандап жатат.

Маалымат үчүн, өлкөдөгү алгачкылардан болуп Италиянын өндүрүшүнөн чыккан роботторду жана санариптик технологияларды колдонгон заманбап бут кийим фабрикасы. Бут кийим чыгаруучу материалдар Россия, Түркия жана Италиядан алынып келинет. Учурда ишкана аялдардын бут кийимин өндүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!