​Кыргызстан ЮНИДОго 307,7 миң евро карыз

19-Окт. 2017, Бейшемби, 17:26

Кыргызстан Өндүрүштү өнүктүрүү боюнча Бириккен улуттар уюмуна (ЮНИДО) болгон карызы 307,7 миң еврону түзөт. Бул тууралуу Жогорку кеңештин Кыргыз өкмөтү менен ЮНИДОнун ортосундагы келишимин ратификациялоо боюнча жыйында белгилүү болду.

Учурда Кыргызстан ЮНИДОго жалпы 307,7 миң евро карыз. Аталган сумманы 5 жылдын ичинде этап этабы менен төлөп берүү каралган. Буга каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Үстүбүздөгү жылы Каржы министрлиги аталган уюмга 31 миң 286 евро төлөгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!