Алдыңкы мунай биржаларындагы соодалашуунун жыйынтыгы боюнча мунай баасы төмөндөдү. Бул тууралуу маалыматтар Лондондун жана Нью-Йорктун чийки зат биржаларынын сайттарында жарыяланган.
Келээрки айга карата Лондон биржасында мунайдын баасы 0,92 долларга арзандап, бир баррели 57,23 долларга бааланууда. Ал эми Нью-Йорк биржасында мунайдын баасы -0,75 долларга арзандап, бир баррели 51,29 долларга барабар болду.