​Япониялык эксперттер ишкерлерди окутат

20-Окт. 2017, Жума, 17:43

Япониялык эксперттер кыргызстандык ишкерлерди окутат. Бул тууралуу Инвестицияларды тартуу жана экспорт боюнча агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, экономика министрлигинде 8-ноябрда продукцияны экспортко чыгарууда товарды таңгактоо жана маркалоо боюнча япониялык адистер экспорт багытында иш алып барган ишкерлерге семинар өтөт. Окутуу өлкөнүн экспортунун өнүгүшүнө багытталган.

Чыгарылган продукциянын көлөмү, түрүү жана таңгактын дизайны боюнча ар кайсы чет өлкөнүн керектөөчүлөрүнүн табити ар кандай экенин эске алганда, бул тема ата мекендик ишкерлер үчүн актуалдуу. Ушуга байланыштуу агенттик Япониялык JICA агенттиги менен биргелешип семинар өткөрүп жатат.

Бул семинарда:

Япониядагы таңгак жана маркировкага болгон талап

Акыркы керектөөчүнүн табитине дал келүүчү таңгакты тандоонун маанилүүлүгү

Япониялык керектөөчүлөрдүн таңгактын көлөмү, түрү жана дизайнга болгон табити

Япониядагы тренддер, ага байланыштуу темалар окутулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!