Бюджетке өзгөртүү киргизилди

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:36

Өкмөт 2017-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өзгөртүүгө ылайык мамлекеттик бюджеттин чыгымдары кайра каралды. Бюджеттин чыгымы 12 млрд. 866 млн. сомго көбөйгөн же 177 млрд. 121 млн. сомго жеткен. Бул көлөм ички дүң өндүрүмгө карата 35,8 пайызды түзөт.

Анын ичинен мамлекеттик бюджеттин чыгымы 12 млрд. 176 млн. сомго көбөйүп 162 млрд. 326 млн. сомду түздү. Ал эми жергиликтүү бюджеттин чыгымы 690 млн. сомго өскөн.

Бул жылга карата бюджеттин жетишсиздиги 21 млрд. 65 млн. сом болоору болжолдонууда.

Маалымат катары, 2018-жылы республикалык бюджеттин чыгымы 162 млрд. 849 млн. сом болоруу болжолдонгон, ал эми 2019-жылы 162 млрд. 339 млн. сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!