Чыгымдын баалоочу комиссия ишин баштады

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:59

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Кыргыз-казак чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалуусунан улам ишкерлерге келтирилген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка карганда, аталган комиссия өкмөт башчы Сапар Исаковдун “Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалдын натыйжасында жабыркаган ишкерлерге мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык түзүлгөн.

Комиссиянын курамына өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ишкер -ассоциациялардын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана көз карандысыз баалоочулар кирген.

Жыйында Экономика министрлигине караштуу Чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын катчылыгын түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары, Экономика министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Транспорт жана жолдор министрлигине 1-ноябрда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында токтоп турган унааларды каттоону жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Экономика министрлигине түзүлгөн кырдаал жөнгө салынганга чейин өткөрүү пункттарындагы транспорттук каражаттарды күн сайын каттоодон өткөрүү механизмин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!