Токтогулда 19 млрд. куб метр суу топтолду

3-Ноя. 2017, Жума, 13:55

Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19 млрд. 359 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу өкмөттүн күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык тууралуу маселеге арналган жыйында белгилүү болду.

Маалымат боюнча, Токтогул суу сактагычында суунун ченеми 899,65 метрге жеткен. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу топтолгон суунун көлөмү 1,9 млрд. кубметрге көптүк кылат. 2016-жылы суунун деңгээли 892,62 метрди түзүп, суунун көлөмү 17 млрд. 415 млн. кубду камтыган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 1-апрелинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 13,3 млрд. куб метр болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!