​Инвесторлорго жагымдуу шарттар каралат

7-Дек. 2017, Бейшемби, 10:56

Кыргызстанда ири инвесторлор турукташтыруу режимин колдоно алат. Башкача айтканда ири инвесторлор 10 жылдын ичинде салык мыйзамдарынын өзгөргөнүнө карабай бир гана салык режимин колдоно алат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында өкмөттүн токтому менен турукташтыруу режимин колдонуунун тартиптери жана эрежелери бекитилген.

Бул механизм Кыргызстандын экономикасына 3 жылдын ичинде 3 млн. доллардан кем эмес каражат салган инвесторго жакшы мүмкүнчүлүк түзөт”,-дейт Абдыгулов.

Ошондой эле инвесторлорго виза алуу жеңилдетилген.

“Инвестициялык виза алуу үчүн инвестициянын босоголук суммасынын өлчөмүн 500 миң доллардан 145 миң долларга чейин төмөндөтүлдү. Ошондой эле визанын жаңы түрү “Үйбүлөлүк” категориясы киргизилди, мында инвестордун үй-бүлө мүчөсү тоскоолдугу жок виза ала алат”,-деп кошумчалап кетти Абдыгулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!